Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Тоолуу Карабакка эки каттам менен гуманитардык жүк жеткирилди


Архив.
Архив.

Жикчил Тоолуу Карабактагы армян бийлигинин көзөмөлүндөгү Степанакерт (Ханкенди) шаарына дүйшөмбү күнү Эл аралык кызыл чырым уюмунун гуманитардык жүк жүктөлгөн автоунаалары барды. Бул тууралуу Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев билдирди.

Анын айтымында, жүк унаалары эки багыттан - Азербайжан тараптан Агдам, Армения тараптан Лачын коридору аркылуу өттү. Гажиев "Автоунаалардын Лачын коридору аркылуу өтүшү ал жерде эч кандай блокаданын жоктугунун далили болуп калганын" белгиледи.

Армян маалымат каражаттары Еревандан Степанакертке 23 тонна ун жеткирилгенин ырсташты. Мындан тышкары Агдам каттамы аркылуу Тоолуу Карабакка Орусиянын жана Швейцариянын өндүрүшүнөн чыккан медициналык жана гигиеналык каражаттар жеткирилди.

Буга чейин жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги дароо эки коридор аркылуу жүк жеткирүүгө макул болуп, мындай чечим аймакта гуманитардык каатчылык күчөп кеткенден улам кабыл алынганын билдиришкен. Мурдараак алар Азербайжандан Лачын коридорун ачууну талап кылып, Агдам каттамы аркылуу жүк алуудан баш тартып жатышкан.

Азери бийлиги быйыл 11-июлда Арменияны Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жолду убактылуу жаап, Лачын коридору аркылуу кыймылды токтоткон. Баку буга Эл аралык Кызыл чырым уюму аркылуу жикчил аймакка мыйзамсыз жүк ташылып жатат деген жүйө келтирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык коридор. Аны 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында Лачын коридорунда Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан.

2023-жылдын 23-апрелинде аталган коридорго Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей армяндар отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG