Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

"Ак-Тилекте" оор жүк ташуучу 115 машина кезек күтүп турат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы кыргыз тараптагы “Ак-Тилек” жана казак тараптагы “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу автомашиналардын топтолуусу дагы эле бар экенин 18-сентябрда “Азаттыкка” Чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта “Ак-Тилекте” 115 машина кезегин күтүп турат. Дагы ондогон машина Кыргызстан тарапка өтүү үчүн “Карасууда” турат.

Машиналарды өткөрүүдө эч кандай тоскоолдук жок экени, 18-сентябрга караган түнү казак тарапка 284 машина өткөнү, бул жакшы ылдамдык экени, тыгындын пайда болушуна сезондук жүк ташуу гана себеп болуп жатканы белгиленди.

15-сентябрда Чек ара кызматы “Ак-Тилекте” 140, “Карасууда” 40 автоунаа кезек күтүп турганын кабарлап, “Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу болууда. Айрыкча айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот. Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ”, - деп билдирген.

Бир ай мурда кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучулардын узун кезеги пайда болуп, маселе бир нече күн чечилбей турду. Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG