Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Алматыда дагы бир каракалпак активисти абактан бошотулду


Алматынын тергөө изолятору.
Алматынын тергөө изолятору.

Алматыда тергөө абагында отурган каракалпакстандык активист Райса Худайбергенова бошотулганын 16-сентябрдын кечинде Казакстандагы каракалпактар диаспорасынан өкүлү Акылбек Муратбай билдирди.

Кардиолог дарыгер Райса Худайбергенованы туура бир жыл мурда “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салууга аракет кылган” деген шек менен иштеген жеринен кармап кетип, камап коюшкан.

Ушундай эле айып менен камалган каракалпакстандык активисттер Кошкарбай Төремуратов менен Жангелды Жаксымбетов 13-сентябрда эркиндикке чыгышкан.

Былтыр сентябрда Казакстанда булардан тышкары каракалпак диаспорасынын дагы бир нече мүчөсү да колго түшүп, тергөө абактарына камалган. Тарапташтары бул кармоолорду 2022-жылы июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон жапырт нааразылык акциялар менен байланыштырууда.

Былтыр 1-2-июль күндөрү Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан бул республиканын суверендүүлүгү тууралуу беренени алып салууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылып, кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG