Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бишкекте жаңы автобустар менен жол кырсыктары көбөйгөнү талкууланды


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Бишкекте жаңы автобустар туш болгон жол кырсыктары көбөйгөнүн, бул маселе айдоочулар менен чукул жыйында талкууланганын 16-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жыйынга «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынынын директору Бакыт Темикеев катышты.

“Жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралды. Мындай окуяларды болтурбоо боюнча өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү милдеттери коюлду. Ишкананын жетекчиси жаңы айдоочуларды кабыл алуу ишин күчөтүүнү тапшырып, автоколонналардын башчыларын жана инженерлерин алар менен туруктуу иш жүргүзүүгө милдеттендирди”, - деп айтылды маалыматта.

Ошону менен катар автобус айдоочуларына жүргүнчүлөрдөн жол кирени накталай акча менен алууга тыюу салынары, эгер мындайга жол бериле турган болсо аларга чара көрүлөрү, жумушунан алынышы да ыктымал экени эскертилди.

Бишкек бийлиги автобуста жана троллейбуста жол кирени накталай эмес, атайын карта менен төлөө системасын калыптандыруу аракетин көрүүдө. Учурда шаардын магистралдык көчөлөрүндө муниципалдык транспорт үчүн өзүнчө тилке ачылып, жаңы эрежелер кирип жатат.

Өкмөт Бишкекти Кытайда жасалган 1000 жаңы автобус менен камсыздоону, алардын жарымын жыл аягына чейин алып келүүнү көздөөдө. Азыркы тапта жаңы автобустардын 112си келип, иштеп жатат.

Алардын айрымдары түрдүү жагдайда жол кырсыгына кабылганы тууралуу видеолор социалдык түйүндөргө тараган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG