Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Орусия украин ишкерлеринин Крымда калган мүлкүн сата баштады


Крым. Иллюстрациялык сүрөт.
Крым. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Крымда украиналык ишкерлердин "улутташтырылган" мүлкү алгачкы жолу сатыкка коюлуп, жалпысынан сегиз аукцион өткөрүлдү. Активдерди сатуудан түшкөн каражат 815 миллион рубль болгонун аймактын мамлекеттик кеңешинин жетекчиси Владимир Константинов билдирди.

Анын айтымында, үйлөр жана коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилери сатылды, азыркы тапта ачык аукциондордо дагы жалпы баасы 27 миллион рублге бааланган төрт турак жай боюнча маалымат турат.

Константинов дагы 100гө жакын мүлк сатыкка коюларын, арасында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин үй-бүлөсүнө таандык турак жайлар да бар экенин ырастады.

Анексияланган Крымдын Орусия дайындаган парламенти Украинанын азыркы бийлиги менен байланышы бар деп эсептеген адамдардын 700дөй мүлкүн "улутташтыруу" тууралуу чечимди быйыл февралда кабыл алган. Алардын ээлеринин арасында ири украиналык бизнесмендер жана саясатчылар Ринат Ахметов, Игорь Коломойский, Арсений Яценюк, Нестор Шуфрич, Сергей Тарута жана башкалар бар.

Украинанын Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Буга элдик референдум негиз болду деп айтканы менен ал көптөгөн мыйзам бузуулар менен уюштурулганы белгиленген. Көптөгөн өлкөлөр Крымдын азыркы макамын тааныбайт, ал эми расмий Киев аны кайра кайтарып аларын айтып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG