Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

ДССУ Ливияда адамдарды жапырт көмүүнү токтотууга чакырды


Кырсыктан жакынын жоготкон тургун.
Кырсыктан жакынын жоготкон тургун.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана башка гуманитардык топтор Ливиянын бийлигин суу ташкындан набыт болгондорду жапырт көмүүнү токтотууга чакырды. Эл аралык уюм жасаттарды такталган, документтештирилген жеке мүрзөлөргө жерге берүүнү сунуштады.

"Шашылыш жапырт көмүү маркумдардын жакындарына узакка созулган психикалык кыйынчылыктарга дуушар кылып, социалдык, укуктук көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн", - деп айтылат жума күнү таратылган билдирүүдө.

Ливияда Улуттук армия көзөмөлдөгөн чыгыш аймактарында суу ташкындоодон набыт болгондор жапырт көмүлүп жатканы тартылган сүрөт жана видеолор тараган. Бул маселе БУУнун 14-сентябрдагы баяндамасында да айтылган.

Жекшембиде сел жана Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган "Дэниел" бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Табият кырсыгы 125 миң калкы бар Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды.

Ливиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Тахер ал-Сонни кыйраткыч селдин кесепетин жоюу үчүн өлкө эл аралык колдоого муктаж болуп турганын айтты.

Египет, Алжир, Палестина, Түркия, Кувейт, Катар, Италия жана АКШ Ливияга материалдык-каржылык жардам көрсөтүүдө.

AP агенттиги Ливия өкмөтүнө таянуу менен 5500 адамдын өлүмү тастыкталганын, дагы 9000 чамалуу киши дайынсыз экенин билдирди. Дернанын мэри курман болгондор 20 миңге чамалашы мүмкүндүгүн белгилеген.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG