Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Өзбек саясатчылары орусиялык депутаттын "Кремлге кошулууга чакырганын" сындашты


Өзбекстандын туусу
Өзбекстандын туусу

Өзбекстан парламенти - Олий Мажлистин төмөнкү палатасынын бир катар депутаттары Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Евгений Федоровдун "мурдагы советтик республикалар СССРден мыйзамсыз чыгып кеткен" деген билдирүүсүн айыпташты.

Федоровдун "32 жыл мурун эгемендүү болгон мурдагы советтик республикалар эртеби-кечпи Орусия менен эсептешүүгө же согушууга аргасыз болорун" айтып, аларды "Кремлге тынчтык жолу менен кошулууга чакырган" билдирүүсү 7-сентябрда Телеграм каналдарга тараган.

Федоров СССРден бөлүнүүнү "мыйзамсыз" деп атап, ал республикаларды "аскердик жаңжалды алдын алуу үчүн Орусияга дипломатиялык жол менен кайтаруу керектигин" айткан.
Өзбекстандагы “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери, Олий Мажлистин депутаты Алишер Кадыров орусиялык депутаттын сөзүн "келесоолук" деп сыпаттады.
“Юксалиш” улуттук кыймылынын төрагасы Бобур Бекмуродов Федоровдун айтканы "акыл-эстүү кишинин сөзү эместигин" белгилеп, Өзбекстан Орусия менен ансыз да өнөктөш экенин эске салды.
Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Одилжон Тожиев Федоров мындай сөзү менен ириде Орусиядагы бардык бийлик институттарын таратууга үндөп жатканын белгиледи.

Өзбекстандык депутаттар жогорудагы пикирлерин социалдык түйүндөргө жарыялашты. Расмий Ташкент орус депутатынын сөзүнө комментарий берген жок.

70 жылдык тарыхы бар СССР 1991-жылы ыдырап, ага кирген 15 улуттук республика өз эгемендигин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG