Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

"Кемпир-Абад иши": Абактагылар басымга кабылып жатканын айтышты


"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар. Архив.
"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар. Архив.

Кемпир-Абад маселесинен кийин кармалып, дээрлик бир жылдан бери камакта отурган саясатчылар менен активисттер аларга моралдык-психологиялык басым жасоого аракет кылып жатышканын билдиришти.

“Бүгүн 14-сентябрда көрүнүктүү саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Жеңиш Молдокматовду жана Равшан Жээнбековду беткапчан, автоматчан спецназ менен сотко алып келишти. Алар бизге кылмыш иши менен таанышуу маалында моралдык-психологиялык басым жасоого аракет кылды. Муну менен бизди сындыра да, коркута да алышпайт. Бул аракеттерди биз бийликтин айласы кетип жасап жаткан агониясы деп билебиз”, - деп айтылды билдирүүдө.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда өткөн жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр абакта калгандары 11 киши.

Милиция ишти Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козгогон, азыр ал Биринчи Май райондук жабык каралууда.

Камактагылар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Равшан Жээнбековду, Азимбек Бекназаровду, Жеңиш Молдокматовду жана Кубанычбек Кадыровду Бишкектин тергөө абагынын жертөлөсүнө которушканы эки апта мурда белгилүү болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, бул кыйноонун бир түрү экенин белгилешкен. Мындай мыйзамга каршы иш-аракеттер УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин буйругу менен болуп жатканын айтышкан.

Ташиев 11-сентябрда “Түрмө деген түрмө. Түрмө мыйзам бузгандарды ордуна алып келип, тарбиялаш үчүн курулган. Ошого чыдабаса, мыйзам бузбасын. Түрмөнүн шарттарына макул эмеспи, демек мамлекетибиздин тынчтыгына залал келтирбесин", - деп жооп берген.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG