Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Депутаттар Өмүрбек Бакиров тууралуу БШКдан маалымат алууну сунуштады


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Мамытов добуш сатып алууга байланыштуу мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакиров тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угууну сунуштады. Ал бул маселе парламенттин 13-сентябрда көтөрүлгөнү менен күн тартибине кирбей калганын белгиледи.

"Маалымат алып койсок эч качан ашыкча болбойт. Депутат жөнүндө, депутаттын статусу жана мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө сөз болуп жатат. Ушул жерге БШКны чакырып, жүйөсүн, себептерин угуп, пикир алмашсак жакшы болот эле", - деди Мамытов.

Спикер Нурланбек Шакиев парламенттин регламенти боюнча фракциянын чечими керек деген жүйөнү айтып, маселе отурумдун күн тартибине киргизилген жок.

Жыйында депутат Чыңгыз Айдарбеков БШКдан диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыраган “Альянс” фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжанов тууралуу дагы маалымат алуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, фракция өз корутундусунда БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында Өмүрбек Бакировду добуш сатып алган деп айыптап сотко кайрылган жана анын мандатын жокко чыгарууну өтүнгөн.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Өмүрбек Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган.

Өмүрбек Бакиров буга чейин “Азаттыкка” комментарий берип, муну Кемпир-Абад маселесинде мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү өнөктүгүнүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун ("Альянс") дипломдору жасалма экенин аныктаганын жарыялап, 2022-жылы БШКга маалымат берген. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги да дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

БШК диплом чырына байланыштуу Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду быйыл 6-июлда мандатынан ажыраткан.

Бишкек шаардык административдик соту 3-4-августта депутаттардын ишин карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес. Мындан соң эл өкүлдөрү Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Шаардык сот Фархат Исмаиловдун арызын 20-сентябрда, Фарходбек Алимжановдун арызын 28-сентябрда карайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG