Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Жогорку Кеңеште академик Абдыганы Эркебаевдин маарекеси белгиленүүдө


Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеште белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата маарекелик иш-чара өтүп жатат.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышууда.

Жыйында төрага Нурланбек Шакиев парламентте улуу инсандардын маарекелик иш-чараларын уюштуруу салтка айланганын белгилеп, мындай саамалыкты дагы да улантуу керектигин кошумчалады.

“Мен Абдыганы Эркебаевичти тажрыйбалуу саясатчы, улуу окумуштуу, чыгаан публицист жана сынчы катары эле тааныбай, акылы тунук, адамгерчилиги бийик, калыс инсан катары билем. Журналист катары алгачкы интервьюну ушул кишиден алгам. Абдыганы Эркебаевич кандай кырдаал болбосун өзүн майда-барат нерселерден бийик кармап, дайыма акыйкаттыкты жана калыстыкты туу туткан. Парламенттеги Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарын жетектеп, ири реформалардын башында турган”, – деди Шакиев.

70 жашка толгон коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы Абдыганы Эркебаев 1992-жылы филология илимдеринин доктору, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын УИАсынын академиги болгон.

1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланып, 1997-жылдан 2000-жылга чейин мыйзам чыгаруу жыйынынын төргасы болуп иштеген.

2012-жылдан 2017-жылга чейин Илимдер академиясынын президенти болуп эмгектенген. 2019-жылдан тартып Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы болуп иштеп келет. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG