Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Өзбекстанда прокурор журналист Мирзаевага алты жыл сурады


"Өзбекстан 24" телеканалынын мурдагы журналисти Мавжуда Мирзаева.
"Өзбекстан 24" телеканалынын мурдагы журналисти Мавжуда Мирзаева.

Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук сотунда өткөн жараянда прокурор журналист, Өзбекстандын Эмгек министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Мавжуда Мирзаеваны алты жылга эркинен ажыратууну судьядан өтүндү. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу 12-сентябрда жазды.

Мирзаева "жалган жалаа жабуу" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча айыпталууда. Андан тышкары прокурор Мирзаевага журналисттик ишмердик менен алектенүүгө үч жылга тыюу салууну сурады.

Мирзаева - Kompromatuzb иши боюнча айыпталгандардын бири. Андан тышкары бул иштин алкагында тогуз киши, анын ичинен журналист, Human.uz басылмасынын жетекчиси Хуршид Далиев жана "Узбекнефтегаз" компаниясынын маалымат катчысы Сиявуш Хошимов айыпталууда.

«Озодлик» радиосу кабарлагандай алардын баарына «жалган жалаа жабуу», «опузалап акча талап кылуу», «кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин адалдаштыруу» жана «салык төлөөдөн качуу» беренелери менен айып тагылып жатат.

Тергөөнүн версиясына караганда, айыпталгандар Kompromatuzb Телеграм-каналына маалыматтарды чыгарабыз деп коркутуп, ар кимден акча алышкан.

Мавжуда Мирзаева жана башкалар быйыл январда кармалып, камалышкан. Алардын жакындары же адвокаттары коомчулукка бул тууралуу билдирүү жасаша элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG