Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Зеленский аткаминерлердин декларациясын толук ачыктоону талап кылды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский мамлекеттик кызматтагы адамдарга киреше булактарын ачык жарыялабай турууга мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзам долбооруна вето койду. Бул тууралуу 12-сентябрда белгилүү болду.

«Декларация ачык болушу керек. Дароо. Бир жылдан кийин эмес. Реестрди дал азыр ачык кылыш керек. Мыйзам мына ушундай негизги өзгөртүү менен чогуу кабыл алынышы зарыл. Болушунча тезирээк», — деди Зеленский.

5-сентябрда өлкө парламенти аткаминерлердин электрондук декларациясы тууралуу мыйзамды караган, бирок аларды ачык кылуу жөнүндөгү пункт тийиштүү добуш албай калган. Эгер бул пункт иштей баштаса, Декларациялардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин сайтына каалаган убакта кирип, мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси боюнча маалыматты көрүп турууга жол ачылат.

Бул норманы кабыл алуу талабы менен Зеленскийге айрым депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү кайрылышкан.

Бир жарым жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы өнөктөш өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен күрөшүп келе жаткан Украинада соңку кезде мамлекеттик органдардагы жемкорлук, паракорлук маселеси көтөрүлүп, реформа жүргүзүү талабы айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG