Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Түркмөнстанда элди пахта теримге мажбурлоо болуп көрбөгөндөй күчөдү


Пахта терип жаткан келин. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Пахта терип жаткан келин. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Түркмөнстанда бийлик калкты пахта терүүгө мажбурлоо чараларын болуп көрбөгөндөй күчөткөнүн"Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Мары облусунда жол кыймылын бузгандарды, аракечтер менен селсаяктарды ак була жыйноого салып жатат.

Балкан облусунда пахта терүү өнөктүгү маалында үй-бүлөлүк майрамдарды, анын ичинен үйлөнүү үлпөттөрүн жана башка салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды. Бийлик той-маареке өткөргөндөрдү "убакыт уурдатпоого" чакырды.

Гызылрават облусунда кафе-ресторандар жабылып, базарлар кечки саат тогуздан кийин гана ачылууда.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери коомдук жайда тамеки же насвай чеккендерди, эс алып жүргөндөрдү кармап, пахта талаасына айдап жатканын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Журналистке атын атабай сүйлөп берген жарандардын айтымында, мынчылык масштабдагы мажбурлоо 15 жылдан бери болгон эмес.

Элди пахта теримге мажбурлаганы үчүн буга чейин да эл аралык коомчулуктун сынына кабылган Түркмөнстан быйыл 580 миң гектардан 1 миллион 250 тонна ак була жыйноого бел байлап турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG