Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Израилде сот реформасына каршы акцияда алты киши кармалды


Израилде сот реформасына каршы чыккан демонстранттар. Тель-Авив. 27-июль, 2023-жыл.
Израилде сот реформасына каршы чыккан демонстранттар. Тель-Авив. 27-июль, 2023-жыл.

Израилде сот реформасына каршы нааразылык акциялардын жаңы толкуну башталды.

11-сентябрда юстиция министри Ярив Левиндин үйүнүн жанына 200дөй киши топтолду. Алар жол кыймылын тороп салгандыктан, полиция менен кагылышуу катталды.

Нааразылык акциясына чыккандар «Курал боюнча ага-инилер» кыймылына байланышы барлар экени аныкталды. Бул кыймыл сот реформасына каршы жүрүштөрү менен белгилүү.

The Jerusalem Post басылмасы жазгандай, юстиция министри жан сакчыларынын коштоосунда үйүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

12-сентябрда сот бийлиги тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы доо арыз Жогорку Сотто каралат.

24-июлда Кнессет Жогорку Соттун өкмөт кабыл алган чечимдерди жокко чыгарган укугун чектеген биринчи мыйзам долбоорун кабыл алган.

Нааразылык акциясына чыккандар сот реформасы өлкөгө экономикалык кедергисин тийгизерин айтышуда.

Алар мындай өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында соттор көз карандысыздыгын жоготуп, өкмөттүн чечимдерин көзөмөлдөө кыйын болуп калат деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG