Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:51

Укук коргоочулар Дүйшөмбүдөн Насреддиновду бошотууну талап кылды


Тажикстандык активист Низомиддин Насриддинов.
Тажикстандык активист Низомиддин Насриддинов.

Төрт эл аралык укук коргоочу уюм Тажикстандын бийлигинен саясий активист Низомиддин Насриддиновго тагылган айыптарды алып, аны түрмөдөн бошотууну талап кылышты.

11-сентябрда таратылган билдирүүгө Норвегиядагы Хельсинки комитети, Human Rights Watch, Freedom For Eurasia жана Freedom Now уюмдары кол коюшкан.

Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын мурдагы активисти Низомиддин Насриддинов 2015-жылдын октябрь айынан бери Германияда жашап келген.

Ал автоунаа алып-сатуу максатында быйыл 8-январда Беларустун чек арасынан өткөндө тажик бийлигинин суранычы менен кармалган. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын чакырыктарына карабастан расмий Минск аны июль айында мекенине экстрадициялаган.

35 жаштагы Низомиддин Насриддиновго каршы мекенинде "экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакыруу" жана "экстремизмди актоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин Башкы прокуратура айыпты «конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакыруу» деп алмаштырган.

Бул берене менен Насриддинов 3-8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Расмий Дүйшөмбү Насриддиновдун иши боюнча үн ката элек.

Эл аралык уюмдар активисттин ишинде кылмыштын курамы жок экенин белгилешкен. Алар тажик бийлигин адам укуктары тебеленгени үчүн сынга алышты.

Тажикстандын бийлиги буга реакция жасаган жок. Дүйшөмбү буга чейин камалгандардын баары күнөөлүү экенин билдирип, дооматтарды четке кагып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG