Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Садыр Жапаров Марокконун падышасына көңүл айтты


Силкинүүдөн кыйраган үйлөр. Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл
Силкинүүдөн кыйраган үйлөр. Марокко. 9-сентябрь, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун падышасы Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты.

Анда Жапаров кыргыз элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшө турганын айткан. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.

Мароккодо ишембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны эки миң адамдан ашканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, 2012 адам зилзаладан көз жумду, 2060 адам жаракат алган. Алардын ичинен 1404 адамдын абалы оор. Урандылардын алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштери уланууда.

Дүйнөлүк саламатык сактоо уюму силкинүүнүн кесепетинен 300 миңден ашуун жабыркаганын маалымдады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG