Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Донецкиде чет элдик гуманитардык уюмдун эки кызматкери окко учту


Донецк облусу. Иллюстрациялык сүрөт
Донецк облусу. Иллюстрациялык сүрөт

Украинанын Донецк облусунда Road to Relief деген гуманитардык уюмунун машинеси аткыланганда чет элдик эки жаран окко учту. Бул тууралуу уюм жана испаниялык El Mundo гезити жекшембиде билдирди.

Road to Relief тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөлүк төрт жаран отурган автоунааны Часов Яр деген жерде орусиялык аскерлер аткылаган. Славянск шаарынан Бахмутка бараткан автоунаага дүрмөт тийгенде ал аңтарылып кетип, күйүп кеткен. Уюм окуяга байланыштуу маалымат чогултуп жатканын коушмчалады. Орусия тарап комментарий бере элек.

Маалыматка караганда, канадалык Энтони Игнат жана Испаниянын жараны Эмма Игуаль каза тапты. Оор жараат алган дагы эки ыктыярчы-медицина кызматкерлери – Германия жана Швециянын жарандары ооруканага жеткирилди.

Road to Relief уюму былтыркы марттан бери иштеп келатат. Би-Би-Си жазгандай, ыктыярчылар майдан тилкесиндеги украин айылдарына гуманитардык жардам жеткирүү жана салгылашуулар жүргөн жерлерден калкты көчүрүү менен алектенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG