Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Кайра шайлоо: БШК добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды


Добуш берүү тилкесиндеги шайлоочулардын тизмеси тууралуу маалыматтан өздөрүнүн аты-жөнүн карап жатышкан шайлоочулар. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл
Добуш берүү тилкесиндеги шайлоочулардын тизмеси тууралуу маалыматтан өздөрүнүн аты-жөнүн карап жатышкан шайлоочулар. Бишкек. 10-сентябрь, 2023-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынын шайлоочуларын добуш берүүгө жандуу катышууга чакырды. Боршайкомдун саат 12:00гө карата берген маалыматына ылайык, аймакта добуш беруү солгун жүрүүдө.

Жалпы 127 239 шайлоочунун 6 169у гана добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 4,85% түзөт.

Шайлоочулар өзүнүн добуш берүүчү тилкеси тууралуу маалыматты https://tizme.gov.kg/ сайтынан же 119, 1255 телефон номурларына чалып тактай алышат.

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо 51 добушкана ачылган.

Аталган округдан 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у - эркек, бешөө -аялдар.

Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG