Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Еревандын соңку кадамын сындады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 8-сентябрь күнү Армениянын Москвадагы элчиси Вагаршак Арутюнянды өзүнө чакырды. Элчиге Еревандын Орусияга “ылым санабаган кадамдардын сериясы” үчүн нааразылык айтылган.

Министрлик расмий маалымдагандай, Москва армян элчисине негизги үч маселе боюнча нааразылык билдирди.

  • Армениянын аймагында АКШнын катышуусу менен аскердик машыгууларды өткөрүү. Машыгуулар 11-20-сентябрга пландалган. Мурдараак Армениянын премьер-министри Николь Пашинян Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун бул жылы өлкө аймагында өтө турган машыгууларын максатсыз деп эсептей турганын билдирген. La Repubblica басылмасына курган маегинде Пашинян коопсуздук жаатында Орусиядан толук көз каранды болуу “стратегиялык катачылык” болгонун айткан.
  • Украинага гуманитардык жардам берүү жана Пашиняндын жубайы Анна Акопяндын Киевге сапары. Ал Киевге дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин жубайларынын жолугушуусуна барган болчу. Cапар учурунда Акопян Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүрөткө түшкөн.
  • Армениянын Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна катышуу укугун берген Рим статутун ратификациялоо жараянын башташы. Гаага соту Орусиянын президенти Владимир Путинди кармоого ордер берген. Статутту ратификациялаган соң армян бийлиги Путин анын өлкөсүнө келчү болсо камакка алууга милдеттүү болот.

Муну менен катар, орус министрлиги элчиге нааразылык нотасын тапшырган. Анда армян парламентинин спикери Ален Симоняндын Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын дарегине айткан кемсинтүү сөздөрү жосунсуз экени айтылган. Спикер Мария Захарованы “кандайдыр бир катчы” деп атаган.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги орусиялык Sputnik басылмасынын баяндамачысы Ашот Геворкяндын жана орусиячыл позициясы менен белгилүү болгон блогер Микаэл Бадаляндын Арменияда кармалышына кабатырлануусун билдирген. Армениянын тергөө комитети 7-сентябрда алар курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү ишинин алкагында кармалганын кабарлаган.

Орус ТИМинин билдирүүсүндө Москва ушундай дооматтарга карабай Арменияны союздаш катары эсептери жазылган. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG