Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Кыргызстанда Комуз күнү белгиленип жатат


Комуз.
Комуз.

Кыргызстанда 9-сентябрда улуттук музыкалык аспап болгон Комуз күнү белгиленүүдө.

Президент Садыр Жапаров жарандарга куттуктоо жолдоду.

Быйыл Комуз күнү Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине туш келгендиктен, майрамдык иш-чаралар залкар комузчунун мааракесине арналды.

Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, майрамдын иш-чаралар Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Анда Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү, Карамолдо Орозов тууралуу кыска метраждуу фильм жана салттуу музыканын аткаруучуларынын концерти тартууланат.

Мындан тышкары, облустук маданий борборлордо, кесиптик лицейлерде жана маданий мекемелерде иш-чаралар өткөрүлөт.

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнүн белгилөө 2019-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Ага ылайык, Комуз күнү Кыргызстандагы калктын биримдигин чыңдоого жана улуттар ортосундагы маданий диалогду кеңейтүүгө багытталган. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG