Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

"Клооп" Маданият министрлигинин чечимине каршы даттанды


“Клооп Медианын” юристтери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна даттанды. Бул тууралуу аталган басылмадан кабарлашты.

Министрлик Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу тергөө жайында кыйноого кабылып жатканы тууралуу кабарды kloop.kg сайтынан эки күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылган. Болбосо "Клооптун" сайты эки айга бөгөттөлө турганы эскертилген.

Маданият министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова билдиргендей, атайын кызмат "бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп кайрылган.

Буга байланыштуу министрликтин катын "Клооптун" юристтери 8-сентябрда алышкан. Катта сайтка жарыяланган материалда "жалган маалымат" бар экени белгиленген. Бирок маалыматтын эмнеси жалган экени так көрсөтүлгөн эмес. 8-сентябрда "Клооптун" юристтери чечимдин үстүнөн даттанып, анда "республиканын мыйзамдарына ылайык, сот иштери боюнча жоопкерлерден гана макаланы өчүрүү же төгүндөө талап кылынары" белгиленген.

"Kloop Media басылмасы талаш-тартыштын катышуучусу эмес, ал тургай кызыктар жактардын кызматтык аброюна доо келтирген маалыматтарды моюнга алуу боюнча доо арыз боюнча жоопкер эмес. Сайттагы макаланы өчүрүү чечими мыйзамдын талаптарына жана шарттарына төп келбейт […] "Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамды эмес, ага караганда жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Жарандык кодекстин ченемдерин колдонууну мыйзамдуу деп эсептейбиз", — деп белгиленет даттанууда.

1-сентябрда Kloop.kg сайтына “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Жээнбековдун тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү чыккан. Ошол эле жаңылыкка Жаза аткаруу кызматынын да комментарийи кошулган. Жаза аткаруу кызматы саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганын, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканын билдирген.

8-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун “Клооп” басылмасына байланыштуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда УКМКнын “Клоопту” жабууга болгон аракети - акылга сыйбаган кадам” деп белгилеген.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган. Медиа коомчулук прокурордун мындай кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG