Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Абактагы Жээнбековдун “Клооп” басылмасына байланыштуу кайрылуусу жарыяланды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун “Клооп” басылмасына байланыштуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Клооптун” журналисттеринин, менин жана көптөгөн прогрессивдүү эгемен жарандардын артынан жылдар бою аңдып, угуп, провокация жасап жүргөн УКМК эми “Равшан Жээнбековду кыйнаган жокпуз, силер жалган маалымат таратып атасыңар” деп, “Клоопту” жабууга болгон аракети - акылга сыйбаган кадам”, - деп айтылат билдирүүдө.

7-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасына “cаясатчы Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы” тууралуу жаңылыкты сайтынан алып салууну талап кылган кат жиберген.

“Клооптун” белгилешинче, министрликке сөз болуп жаткан маалымат жалган экенин билдирип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кайрылган. Министрлик жаңылыкты эки жумушчу күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылып, болбосо Kloop.kg сайты бөгөттөлөрүн эскерткен.

1-сентябрда Kloop.kg сайтына “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Жээнбековдун тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү чыккан. Ошол эле жаңылыкка Жаза аткаруу кызматынын да комментарийи кошулган. Жаза аткаруу кызматы саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганын, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган. Медиа коомчулук прокурордун мындай кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG