Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Түркстанда беш жашар кыздын өлүмүнө айыпталган жаран өмүрүнүн аягына чейин кесилди


Түркстан облусундагы колониянын дарбазасы.
Түркстан облусундагы колониянын дарбазасы.

Казакстандын Түркстан облусунда "беш жашар кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн" деп айыпталып, күнөөлүү деп табылган Сайдолим Гаибназаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, химиялык кастрация жазасы чегерилди.

Өкүмдү облустун Кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту чыгарганын 7-сентябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Каргашалуу окуя 13-июлда Жибек Жолу айылында болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин сөөгү коңшусунун үйүнөн табылган. Кылмышка шектелип 48 жаштагы Сайдолим Гаибназаров кармалган.

Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли дүрбөлөң түшүп, кыштакка полиция келген жана интернет убактылуу өчүрүлгөн. Жергиликтүүлөр мурда соттолуп чыккан шектүүнү элдин колуна берүүнү талап кылышкан.

Гаибназаровго "адам өлтүрүү" жана "сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматында шектүү ошол күнү мас абалында болгону, көчөдө ойноп жүргөн кызды азгырып, үйүнүн короосуна киргизгени белгиленген. Кыз бычакталып өлтүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG