Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Маданият министрлиги "Клооп" сайтындагы маалыматты өчүрүүнү талап кылды


“Клооп” басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “cаясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы” тууралуу жаңылыкты сайтынан алып салууну талап кылганын билдирди.

Порталдын сайтындагы кабарга ылайык, 7-сентябрдын кечинде басылманын почтасына министрликтен материалда "жалган маалымат бар” деген кат келген. Бирок кайсы маалымат жалган экени так көрсөтүлгөн эмес.

“Клооптун” белгилешинче, министрликке сөз болуп жаткан маалымат жалган экени тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кайрылган. Министрлик жаңылыкты эки жумушчу күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылып, болбосо Kloop.kg сайты бөгөттөлөрүн эскерткен.

Аталган министрликтен кат жөнөтүлгөнүн ырасташты.

1-сентябрда Kloop.kg сайтына "Кемпир-Абад иши" боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү чыккан. Ошол эле жаңылыкка Жаза аткаруу кызматынын да комментарийи кошулган. Жаза аткаруу кызматы саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганын, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган. Медиа коомчулук прокурордун мындай кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG