Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Болгариядагы селде бери дегенде үч адам каза тапты


Болгариядагы селден кийин тартылган сүрөт
Болгариядагы селден кийин тартылган сүрөт

Болгарияда нөшөрлөп жааган жамгырда бери дегенде үч киши каза таап, экөө дайынсыз жоголду.

Ички иштер министрлиги 6-сентябрда Кара деңизге жакын, туристтер көп барган Царево калаасында эки эркек жана бир аял каза болгонун, эки аялды издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Нөшөрдөн улам дарыяларда суу ташкындап, көпүрөлөрдү агызып кеткени, эки дамба бузулганы, жер көчкү болгону тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Полиция көптөгөн имараттарды суу каптаганын, электр жарыгы өчүрүлгөнүн маалымдады.

Өкмөт зыян тарткандарга кенемте төлөөгө убада берди.

5-сентябрда капилет жаандан кийинки сел Түркиянын Стамбул шаары менен Кыркларели калаасында бери дегенде алты адам набыт болду. Грекияда да сел болуп, эки адам өлгөнүн, экөө дайынсыз жоголгонун "Азаттыктын" болгар кызматы жазды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG