Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Британ өкмөтү "Вагнер" компаниясын террордук уюм деп тааныйт


"Вагнерчилер" компаниянын эн белгиси түшүрүлгөн желекти кармап турушат.
"Вагнерчилер" компаниянын эн белгиси түшүрүлгөн желекти кармап турушат.

Британ өкмөтү орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясын жакын арада террордук уюм деп тааныйт. Бул тууралуу 6-сентябрда Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

13-сентябрдан тарта күчүнө кирет деп күтүлүп жаткан чечимге ылайык, "Вагнерди" колдоо, анын символун коомдук жайларда көрсөтүү кылмыш катары каралат. Ага баш ийбегендер камакка алынат.

Ички иштер министри Суэлла Браверман "Вагнер" тобун “ырайымсыз жана кыйратуучу” деп атап, ал Владимир Путин жетектеген Орусиянын куралы катары чет өлкөлөрдө иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

"Украинада, Жакынкы Чыгышта жана Африкада "Вагнердин" жалданма аскерлери талап-тоноого, кыйноого жана ырайымсыз адам өлтүрүүгө катышкан”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

“Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткин негиздеген. Сирияда бул топтун жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары аркылуу таанылган. Орусиянын Украинадагы согушуна жоочуларды жалдаган.

Пригожин менен Уткин бараткан учак 23-августта Тверде кулап, мүрт кетишкен. "Вагнердин" аскерлери уюмдун ишмердиги улана берерин билдиришкен.

Орусиянын президенти Владимир Путин аталган компания өкмөттөн каржыланып келгенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG