Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Ошто бассейнде адамды бычак менен сайып жиберген шектүү абактан чыкты


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жигитке бычак сайып жиберген адам тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалымат боюнча, сот тиешелүү токтомду 29-августта чыгарган. Буга шектүү менен жабырлануучу жарашып алганы негиз болгон.

Ушул жылдын 22-июлунда Ошто бассейндердин биринде эс алып жүргөн адамды 28 жаштагы шектүү бычак менен сайып жиберип, жабырлануучу ооруканага түшкөн. Ал көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жүрүп, белгисиз бирөө менен уруша кеткенин, шектүү бычак менен бел тушуна сайып, качып кеткенин айткан.

Ош шаардык милициясы шектүү мурда бир нече жолу соттолгонун, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон “Коён” деген каймана ат менен белгилүү адам экенин билдирген.

Быйыл 13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен сабап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши жаракат алаган.

Бассейнде жабырлануучуну бычак менен сайган адам ошол арматура менен сабалган жигит экени бегилүү болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG