Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

NYT Ким Чен Ын Орусияга иш сапар менен келиши мүмкүндүгүн жазды


Ким Чен Ын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен. Пхеньян, 24-июль, 2023-жыл.
Ким Чен Ын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен. Пхеньян, 24-июль, 2023-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сентябрда Орусияга иш сапары менен келиши мүмкүндүгүн The New York Times басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, курал-жарак тармагында кызматташууну талкуулоону көздөөдө. Басылма сүйлөшүүлөр Владивостокто болушу ыктымалдыгын белгиледи. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Reuters агенттигине бул жаатта эч кандай комментарий бере албай турганын билдирди.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары буга чейин Москва менен Пхеньян Украинадагы согушта колдонуу үчүн Түндүк Кореянын курал-жарактарын жана ок-дарыларын Орусияга жеткирүүнү сүйлөшүп жатканын жатканын жазышкан.

АКШ бийлиги буга чейин Түндүк Корея Орусияга Украиндагы согушта колдонуу үчүн курал-жабдык бериши мүмкүн экенин эскерткен.

Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган Москва менен Пхеньян Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланыштарын бекемдөө аракетин көрүп келет.

Песков 31-августта Москва Пхеньян менен алакасын тереңдете берерин айткан эле.

  • Түндүк Корея Орусиянын Крымды жана Украинанын төрт аймагын аннексиялап алганын тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG