Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Ноокат райондук сотунун судьясынын кош жарандыгы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы (Б.Н.М.) чет мамлекеттин жараны экени аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, судья 2016-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алып, 2021-жылдын 26-июнунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Былтыр 30-апрелде ротация болуп Ош облусунун Ноокат райондук сотуна которулган.

Ал судьялык кызматка талапкер катары тандоодо чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырганы аныкталган. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандыгы бар адамдар судья боло албайт.

29-августта прокуратура Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун судьясына дисциплинардык чара көрүү жөнүндө өтүнүч келтирген.

Судья тараптан комментарий боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG