Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Путин менен Эрдоган “дан келишими” боюнча орток пикир таба алышкан жок


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 4-сентябрь, 2023-жыл. Сочи.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 4-сентябрь, 2023-жыл. Сочи.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва койгон шарттар аткарылганда гана Украинанын данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимге кайтарын билдирди.

Бул тууралуу ал Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен 4-сентябрда Сочиде жолуккандан кийинки маалымат жыйында айтты.

Ал Москва орус агропродукциясын экспорттоого коюлган чектөөлөр алынгандан кийин «дан келишимин» жандандыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууга даяр болорун кошумчалады.

Ал эми Эрдоган Путин менен үч саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин «дан келишими» боюнча чечим жакын арада макулдашыларын билдирди.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

4-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дан боюнча келишимди узартууга негиз көрбөй турганын, дүйнө базарына Орусиянын азык-түлүгүн жана жер семирткичин экспорттоо боюнча абал жакшырбаганын белгилеп, келишимден чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG