Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

ИИМ улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалганын билдирди. Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, 2-сентябрда белгисиз жарандын аймак аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айткан видеокайрылуусу социалдык тармактарда тараган. Аталган факты милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн тек-жайы аныкталып, 1996-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалган.

Учурда тиешелүү тергөө иш-амалдары улантылууда.

ИИМ мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

ИИМ 1-сентябрда Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданындагы көкбөрү оюнунун соңунда чыккан жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, социалдык тармактарда аймактар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр жарыяланып жатканын, аны тараткандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскерткен.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Ош облустук милициясынын маалыматына караганда, көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу милицияда баш-аягы 65 киши суракка алынды. Алардын ичинен тогуз адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Кара-Суу райондук соту беш кишини эки айга камакка алды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG