Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Германияда ооган аялдары талибдердин саясатына каршы ачкачылык жарыялашты


Германиянын Кельн шаарында ачкачылык кармап жаткан ооган аялдары. 4-сентябрь, 2023-жыл.
Германиянын Кельн шаарында ачкачылык кармап жаткан ооган аялдары. 4-сентябрь, 2023-жыл.

Германияда аял укуктары үчүн күрөшкөн ооган аялдарынын тобу «Талибан» бийлигинин кыз-келиндердин эркиндигин чектеген саясатына каршы ачкачылык жарыялашты.

Кельн шаарынын борбордук аянтында чатырчаларды тиккен акциянын катышуучулары талибдердин аялдарга карата саясатын эл аралык деңгээлде «гендердик апартеид» катары таанууну талап кылышты.

Алардын биринин айтымында, Ооганстанда жана чет жактардагы нааразылык акциялары жыйынтык бербеген соң, 1-сентябрдан баштап ачкачылык кармоого киришкен.

Аялдар ошондой эле Ооганстандагы саясий туткундардын бошотулушун талап кылышты.

Июль айында жарык көргөн баяндамасында Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Ооганстандагы кыз-келиндердин абалы абдан жаман экенин, аялдарга жана кыздарга карата киргизилген чектөөлөр «гендердик апартеидге» барабар экенин айтышкан.

Уюм кошумчалагандай, талибдер бийликке келгенден бери 50дөй буйрук, токтом, эреже менен кыз-келиндердин укуктарын болуп көрбөгөндөй чектешкен.

Ооганстанда кыздар эки жылдан бери мектепке бара алышпайт. Ал эми быйыл аялдарга сейил жайларга, спорт залдарга, окуу жайларга барууга, бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG