Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

Зеленский коргоо министри кызматына Рустем Умаровду сунуштады


Жогорку Раданын депутаты, украиналык саясатчы Рустем Умеров. 18-июнь, 2022-жыл.
Жогорку Раданын депутаты, украиналык саясатчы Рустем Умеров. 18-июнь, 2022-жыл.

Коргоо министрлигиндеги кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 3-сентябрдын кечиндеги кайрылуусунда билдирди.

“Бул аптада парламентке кадрдык чечим кабыл алуу сунушталат. Мен коргоо министри Алексей Резниковду алмаштырууну чечтим”,-деген Зеленский министрлик азыр аскерлер жана коомчулук менен иштешүүдө жаңы форматтарга муктаж экенин кошумчалады.

Украин президенти министрликтин башына Рустем Умеровду сунуштады.

“Жогорку Рада бул адамды жакшы билет. Умеров мырза тааныштырууга муктаж эмес. Парламент бул талапкерди колдоп берерине үмүттөнөм”,-деди Зеленский.

Рустем Умеров – Рададагы “Добуш” (Голос) фракциясынын депутаты. “Крым платформасы” депутаттык бирикмесинин башчыларынын бири болгон. Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан. Учурда Умеров Мамлекеттик мүлк фондун жетектейт. Бир кезде крым татар саясатчысы Мустафа Жемилевдин жардамчысы болгон.

Ал эми Алексей Резников Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG