Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Тажик банкирди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири абакта көз жумганы тууралуу маалымат айтылды


Тажикстанда банкирди уурдап, өлтүргөнгө шектелгендердин бири - Акбар Ахмедов
Тажикстанда банкирди уурдап, өлтүргөнгө шектелгендердин бири - Акбар Ахмедов

Тажикстанда «Ориёнбанктын» төрагасынын орун басарын уурдап, өлтүрүүгө шектелип жаткандардын бири Акбар Ахмедов Дүйшөмбүдөгү убактылуу кармоочу жайда табышмактуу жагдайда каза болуп, анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Кожентте жашыруун жерге берилгени тууралуу маалымат чыкты.

Бул тууралуу үч башка булакка таянып «Озоди» радиосу жазды. Маалыматка караганда, 30-августта Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү Ахмедовдун сөөгүн ата-энесине өткөрүп берип, тергөө абагында өлгөнү тууралуу эч кимге айтпоону эскертишкен.

«Озодинин» булактарынын бири билдиргендей, Ахмедов сурак маалында кыйноого кабылган. Аны өлтүрө уруп-тепкилеп салышканы кабарланды. Ахмедов 36 жашта болгон. Ал IT тармагында иштеп, алты баласын багып келген.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Ахмедов 23-июнда Шухрат Исматуллоевди уурдап кеткен кылмыштуу топтун 15 мүчөсүнүн бири болгон. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар Исматуллоевди өлгүчө кыйнап, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберишкен. Банкирдин сөөгү эки айдан кийин гана табылды.

Тажик президентинин үй-бүлөсүнө жакындыгы бар банкирдин уурдалышы жана өлүмү коңшу өлкөдө катуу талкууланды.

Укук коргоочулардын айтымында, Тажикстанда күнөөнү күчтөп моюнга алдыруу үчүн тергөө абактарында кыйноо ыкмыларынын колдонушу көп жылдардын бери чоң көйгөй болуп келет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG