Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Орусиялык жана беларустук спортчулар Азия оюндарына катыштырылбайт


Орусиялык жана беларустук спортчулардын эл аралык мелдештерге катыштырбоону талап кылган акция маалында тартылган сүрөт. 26-март, 2023-жыл. Тбилиси, Грузия.
Орусиялык жана беларустук спортчулардын эл аралык мелдештерге катыштырбоону талап кылган акция маалында тартылган сүрөт. 26-март, 2023-жыл. Тбилиси, Грузия.

Орусиялык жана беларус спортчулар Кытайда 23-сентябрда башталчу Азия оюндарына катыштырылбайт. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети 3-сентябрда билдирип, себебин «техникалык мүчүлүштүктөр» менен түшүндүрдү.

Буга чейин Азиянын Олимпиада кеңеши эки өлкөнүн 500дөй спортчусуна нейтралдуу желек алдында мелдештерге катышууга уруксат берген.

Жайкы Азия оюндары быйыл Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Ага 45 мамлекеттен 12 миңден көп спортчу катышат.

Орусия менен Беларустун спортчулары Москва Украинага согуш ачканына байланыштуу дээрлик баардык мелдештерге катыша албай калышты.

2023-жылдын март айында Эл аралык Олимпиада комитети согушту колдогон билдирүүлөрдү жасабаган, армияга байланышы жок орусиялык атлеттерди нейтралдуу желек алдында мелдештерге катышууга уруксат берүүнү сунуштаган. Бул демилге Украинанын жана бир катар башка мамлекеттердин кескин сынына кабылган. Отуздан көп мамлекет орусиялыктардын эл аралык мелдештерге катышуусуна каршылыгын билдиришкен.

Азырынча орусиялык спортчулардын Париждеги Олимпиадага катышуусу тууралуу маселе чечиле элек.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG