Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Беслан курмандыктары эскерилүүдө


Беслан курмандыктарын эскерүү.
Беслан курмандыктарын эскерүү.

Бүгүн 3-сентябрда Түндүк Осетияда Беслан шаарындагы мектептеги кандуу окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө. 2004-жылы 1-сентябрда шаардагы №1 мектепте жаңы окуу жылынын башталышын белгилеп жаткан 1100 адамды куралчан топ барымтага алган. Мектептин ичиндеги окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер үч күн бою алардын колунда калып, 3-сентябрдагы штурм учурунда 334 адам каза тапкан, алардын 186сы балдар болгон

Тергөөнүн расмий версиясы боюнча, террорчулар барымтадагы адамдар отурган спортзалды жардырууга аракет кылгандыктан күч кызматкерлерии ок чыгарып, штурм башташкан.

Ал эми окуянын башка күбөлөрүнүн айтымында, спортзалга сырттан гранатомет менен ата башташканда жарылуу башталган.

Кийин Бесландын көптөгөн тургундары жана барымтада болгон адамдар террорчуларды гана эмес, бийликти да “жабыркагандардын санын азайтып айтышты, куралчан адамдар эч кандай талап койбогонун айтып туура эмес маалымат беришти” деп айыпташкан.

Көз каранды эмес иликтөөлөр адамдарды барымтага алган топ бийликтен Чеченстандан орус аскерлерин алып чыгып кетүү тууралуу талап коюшканын аныктап чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG