Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Ош базары, Чыгыш, Батыш автобекеттери шаардын сыртына которулат


Ош базары.
Ош базары.

Бишкектеги Ош базары, Чыгыш жана Батыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырылат. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 2-сентябрда коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелерин текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, бул маселелер кийинки жылдын жаз айларына барып чечилет.

"Бул дагы шаардагы тыгын маселесине байланыштуу. Шаарга 900 микроавтобус аймактардан келип жатат. Алар шаарды аралап тыгын пайда кылып, экологияны дагы бузуп жатат. Биз ушуну сыртка чыгарабыз, азыр долбоор жазып жатабыз. Бирөө айланма жолго чыгарып, "Силк вейден" 8 гектар жерин имараты менен алдык, бул маселе чечилип жатат. Мындан сырткары "Ош базарын" жана Батыш автобекетин жылдыруу үчүн айланма жол жактан 100 гектардан ашуун жер чечилген, долбоорун жасап жатышат. Жазында ишке ашырабыз деп даярданып жатабыз", - деди шаар мэри.

Абдыкадыров бул маселе базардын жетекчилери менен сүйлөшүлгөнүн, маселе президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин билдирди.

Бишкектеги Ош базары буга чейин үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар "базарды көчүрүү максатында муну атайын жасашты" деген божомолдорун айтышкан. ИИМ ошол кезде Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрттөө да бар экенин маалымдаган.

Жолдогу тыгынга байланыштуу базардын тегерек-четин тазалоо иштери буга чейин дагы жүргүзүлүп, көп жыйынтык берген эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG