Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Германияда концлагердин мурдагы кароолчусу соттолууда


Заксенхаузен өлүм лагеринин азыркы көрүнүшү.
Заксенхаузен өлүм лагеринин азыркы көрүнүшү.

Германияда жаш кезинде Заксенхаузен өлүм лагеринде кароолчу болуп иштеген жергиликтүү жашоочу соттолууда. Гисен шаарынын прокуратурасы ага 3 миңден ашуун күнөөсүз адамдын өлүмүнө тиешеси бар деген айып койгон. 98 жаштагы шектүүнүн аты-жөнү коомчулукка ачык айтылган жок.

Прокуратуранын арызында шектүү концлагерде 1943-жылдын июль айынан 1945-жылдын февралына чейин иштегени көрсөтүлгөн. Бул убакыт аралыгында ал 18 жашка толо элек болгондуктан, иши өспүрүмдөр боюнча протоколдун негизинде каралат.

2022-жылы шектүүнү дарыгерлер комиссиясы текшерип, дени карды таза жана психикалык жактан соо, сот отурумдарына катыша алат деген бүтүм чыгарган.

  • Германия Федеративдүү Республикасында ушул кезге чейин нацизмге тиешеси бар адамдардын иши сотто каралып келет. Өткөн жылы Заксенхаузендин мурдагы кароолчуларынын бири беш жылга соттолгон. Өкүм чыкканда ал 101 жашта болгон. Андан тышкары азыркы Польшанын аймагындагы Штуттхоф концлагеринде катчы болуп иштеген 98 жаштагы аял эки жылга шарттуу соттолгон. Сот аны 10500дөй туткундун өлүмүнө тиешеси бар деп тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG