Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Ошто өткөн XVI эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды


Төкмө акын Азамат Болгонбаев жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Ош шаары, 31-август, 2023-ж.
Төкмө акын Азамат Болгонбаев жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Ош шаары, 31-август, 2023-ж.

Эгемендиктин 32 жылдыгына карата жана алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI эл аралык айтыш жыйынтыкталды.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында эки күн бою өткөн кош байгелүү айтышка 8 кыргыз акыны жана 8 казак акыны катышты. Бул жолу казак акындарынын экөө Монголиядан, бирөө Өзбекстандан келди.

Калыстардын берген упайынын жыйынтыктыгы менен төмөнкү төкмө акындар жеңишке жетти:

Баш байге, 450 миң сом - Азамат Болгонбаев (Кыргызстан),

Баш байге, 450 миң сом - Муктар Ниязов (Казакстан),

Биринчи орун, 300 миң сом - Изат Айдаркулова (Кыргызстан),

Биринчи орун, 300 миң сом - Казырет Бердихан (Казакстан),

Экинчи орун, 200 миң сом - Асылбек Маратов, (Кыргызстан),

Экинчи орун, 200 миң сом - Данияр Алдаберген( Казакстан)

Үчүнчү орун, 100 миң сом - Чынгызхан Кожошев, (Кыргызстан),

Үчүнчү орун, 100 миң сом - Талгат Орынбеков (Өзбекстан).

Казакстандык төкмө акын Муктар Ниязов жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Ош шаары, 31-август, 2023-ж.
Казакстандык төкмө акын Муктар Ниязов жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Ош шаары, 31-август, 2023-ж.

Атайын кызыктыруучу сыйлыкка 70 миң сом акчалай байге каралып, ал төмөнкү төкмө акындарга ыйгарылды:

Тилек Базар уулу (Монголия),

Аманжол Куанткан (Монголия),

Нурмат Мансуров (Казакстан),

Айчолпан Түлөхан (Казакстан),

Баян Акматов (Кыргызстан),

Акмат Султан уулу (Кыргызстан),

Кубат Тукешов (Кыргызстан),

Кутман Садыбакасов (Кыргызстан).

XVI эл аралык айтыштын тандоо туру 7-августта борбордогу “Манас” кинотеатрында өткөн. Айтыштын байге фондуна 3 000 000 сом коюлган. (MZh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG