Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Казакстанда насыя алууну чектеген система ишке кирди


Алматыдагы Евразия банкында кассир теңге санап жатат. 15-январь, 2015-жыл.
Алматыдагы Евразия банкында кассир теңге санап жатат. 15-январь, 2015-жыл.

Казакстандын бийлиги жарандарга өздөрүнө насыя алууга тыюу салган он-лайн кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу маалымат "Улуттук информациялык технологиялар" мекемесинин сайтына жарыяланды.

Мекеме башчысы Ростислав Коняшкиндин айтымында "жаран өз ыктыяры менен насыялардан баш тартуу боюнча өтүнмө тапшыра алат, аны кайра артка кайтарса да болот".

Бул үчүн казакстандыктар eGov mobile мобилдик тиркемеси же eGov.kz. порталы аркылуу насыя алуудан баш тартуу өтүнмөсүн киргизишет. Муну менен жаранга алты айга насыя алууга тыюу салынат. Бул мөөнөт өткөндөн кийин чектөөнү алып койсо болот.

Казак коомунда жарандардын белчесинен насыяга батканы тууралуу көп айтылып келет.

Кыргызстанда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан насыя алды. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17% көп. Муну менен 24 млрд сомго жакын каражат же 35,5% көп насыя берилди.

Насыя алгандардын көбү Ош (21% жакын) жана Жалал-Абад облустарына (17% ашык), андан кийин Бишкек шаарына (16% жакын) туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG