Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Эл артисти Сталбек Бактыгуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


Бүгүн 31-августта Бишкекте Эл артисти Сталбек Бактыгулов менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыз эл артисти, таанымал композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 30-августта 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1954-жылдын 7-октябрында Чүй районунун Кегети айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Музыкага, поэзияга, прозага тартылуусу эрте байкалып, 1968-жылдан баштап мектеп окуучусунун ырлары, этюддары, макалалары райондук жана республикалык газета-журналдарга жарыялана баштаган.

1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

Таланттуу композитор Сталбек Бактыгуловдун №2 симфониясы америкалык дирижёр Чарльз Ансбахер жетектеген академиялык оркестрдин репертуарына кирип, дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөргө тартууланып келатат. "Күмүш камчы" аттуу бир актылуу балети, "Курманжан датка" балети, отузга жакын симфониялык, вокалдык-симфониялык, камердик-аспаптык, драмалык спектаклдерге жазган музыкасы, киномузыкасы, вокалдык чыгармалары, обондуу ырлары угармандарга белгилүү.

Композитор Сталбек Бактыгулов 2002-жылы 17-мартта Аксынын Боспиегинде кырчындай жигиттердин бийликтин огунан бейажал набыт кеткенине, алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын кайгы-муң, көз жашына жаны кейип, фортепианолук пьеса жазган.

Кийин 2010-жылдагы Бакиев бийлигинин куралсыз элге аткан огунан кыйылган 90дон ашуун азаматтын өлүмү, Оштогу июнь коогалаңында набыт болгон карапайым адамдардын кейиштүү тагдыры композитордун жан дүйнөсүн эңшерип, “Өмүр жана көз ирмем” деген көлөмдүү симфония жазган. Бул чыгарманын алгачкы ноталары Аксы окуясында пайда болгон.

Сталбек Бактыгулов бир катар сыйлыктардын, анын ичинде эл аралык Айтматов сыйлыгынын, "Даңк" медалынын ээси. Таттыбүбү Турсунбаева атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. (KE/MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG