Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Front Line Defenders "Клоопту" жабуу аракетине тынчсызданды


Эл аралык Front Line Defenders уюму кыргыз кыргыз бийлигинин Kloop Media басылмасын жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун эсебинде Kloop Media адам укуктарын чагылдырып, так маалыматты элге жеткирип жатканы үчүн чабуулга кабылууда.

Front Line Defenders Кыргызстандагы укук коргоочулар жана журналисттер кабылып жаткан коркутуп-үркүтүүлөрдүн масштабына да камтамачылык билдирди.

Баш кеңсеси Дублинде жайгашкан Front Line Defenders укук коргоо уюму 2001-жылы негизделген.

Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), "Хьюман Райт Уотч" уюму (HRW) жана Кыргызстандын медиа коомчулугу да прокуратуранын Kloop Media басылмасын жабуу арызын айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган. Прокуратура басылманын мындай маалыматтары "эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын" жүйө келтирген.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын айтты.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы сөз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG