Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

HRW: Кытайда "адамзатка каршы кылмыш" уланууда


Шинжаңдагы № 3 жабык жайындагы кире беришинде турган полиция кызматкерлери. 23-апрель, 2021-жыл. Кытай.
Шинжаңдагы № 3 жабык жайындагы кире беришинде турган полиция кызматкерлери. 23-апрель, 2021-жыл. Кытай.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) укук коргоо уюму кытай бийлиги уйгурлардын жана башка мусулмандардын укуктарын басмырлоону улантып жатканын билдирди.

Уюм расмий Бээжиндин Шинжаңдагы аракеттерин адамзатка каршы кылмышка салыштырды.

"Былтыр жыл бою кытай аткаминерлери уйгурларга жана башка түрк тилдүү мусулмандарга каршы катаал саясатын улантты. Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө мамлекеттер адамзатка каршы кылмыш болуп жатканда үн катпай турбашы керек", - деген HRW уюмунун Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Майя Ванг 31-августта таратылган пресс-релизде.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет.

HRW билдиргендей, кытай лидери Си Цзинпиндин "Бээжин аймакта террорчулукка каршы саясатын узартат" деген сөздөрү адамзатка каршы кылмыш уланып жатканын айгинелейт.

26-августта Си Цзинпин Шинжаңга барганда "араң калыбына келтирилген социалдык туруктуулукту бекемдөөгө" убада берген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" эки миллиондой мусулман кармалып келерин билдирген.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG