Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Песков Пригожиндин учагынын кыйрашы "кыянаттык" болушу мүмкүн экенин айтты


Пригожиндин мүрзөсү. Санкт-Петербург, 30-август 2023-жыл
Пригожиндин мүрзөсү. Санкт-Петербург, 30-август 2023-жыл

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Вагнер" менчик аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин бараткан учактын кырсыкка кабылганы атайын уюштурулган болушу мүмкүн деген версия барын билдирди.

Мындай сөзүн РБК агенттиги мисал келтирет.

Песков кырсык балким "карасанатайлык" болгон деп, Тергөө комитети жүргүзүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп турууга чакырды.

Мунун алдында Рейтер агенттиги Эл аралык авиация комитети Бразилиянын авиакырсыктарды алдын алуу борбору иликтөөгө катышууга даярдыгын билдиргенин, Орусия аны четке какканын жазган.

Маалыматка караганда, учак ички каттамды ишке ашырып жатып кулагандыктан, аны жергиликтүү адистер териштире турганы айтылган.

Кыйраган учак бразилиялык Embraer компаниясы тарабынан жасалган.

Песков борбордун сунушун комментарийлеп, "азыркы жагдай, кырсыкка байланышкан кырдаал башкача экенин” айтты.

Пригожин баштаган тогуз киши отурган учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн. Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурдагы Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.

27-августта Тергөө комитети Пригожиндин курман болгонун бышыктап, шейшембиде ал Петербургдагы көрүстөнгө атасынын жанына коюлду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG