Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

HRW кыргыз бийлигин "Клоопко" каршы арызды кайтарып алууга чакырды


Human Rights Watch уюму.
Human Rights Watch уюму.

Эл аралык Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигинин Kloop Media басылмасын жабуу аракетин айыптап, бул кадамды Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөнүн уландысы катары баалады. Уюмдун кайрылуусу 30-августта сайтына жарыяланды.

"Медиага каршы сот иши Кыргызстандагы ЖМК эркиндигине жана сөз эркиндигине каршы соңку кол салуу, мунун баары өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болгон статусуна туура келбейт ”, - дейт Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Ал кыргыз бийлиги басылмага каршы доо арызын кайтарып алып, өлкөдөгү көз карандысыз медиаларды куугунтуктоону токтотушу керектигин белгилеген.

Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жана Кыргызстандын медиа коомчулугу да прокуратуранын Kloop Media басылмасын жабуу боюнча арызын айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратуранын катында “Клоопко” 2021-жылы ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, буга байланыштуу экспертизалар дайындалганы да айтылды.

Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай иш-аракеттерине мурдатан даярданып келгенин, артка чегинбей турганын айтты.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы сөз болгон.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG