Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Казакстандагы аскер бөлүгүндө 49 жоокер инфекцияга кабылды


Казакстандын Улуттук гвардиясынын символу
Казакстандын Улуттук гвардиясынын символу

Кокшетау шаарындагы аскер бөлүгүндө ооруп калган аскерлердин саны 49 кишиге жетти. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук гвардиясынын "Орталык" командачылыгы маалымдаганын кабар агенттиктери жазышты.

23-августтан бери 49 жоокер "дем алуу органдарынын курч инфекциясы" деген диагноз менен ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен беш жоокерден менингококк инфекциясы аныкталды, төртөө энтеровирус инфекциясына кабылганы белгилүү болду.

"Азаттыктын" казак редакциясы жазгандай, оорукана кызматкерлери бейтаптардын дене табы көтөрүлүп, бирөөнүн жүрөгү бир нече секундага токтоп калганын айтып беришкен. Азыр анын абалы жакшы деп кабарланды.

Дарыгерлердин айтымында, жылдын ушул маалына мүнөздүү инфекция казармада тез жайылып кеткен болушу мүмкүн.

Улуттук гвардия аскерлерди дарылоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын, вирусту жаңы жугузуп алгандар катталбаганын, кызматтык териштирүү башталганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG