Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Румыниядагы жарылууда жабыркаган дагы бир киши каза болду


Жабыркаган жаранды куткаруу учуру.
Жабыркаган жаранды куткаруу учуру.

Румыниядагы газ-май куюучу станциядагы жарылуудан каза болгондордун саны экиге жетип, 57си жараат алды.

Жабыркагандардын 39у өрт өчүрүүчү, төртөө полиция кызматкери экенин, көбү катуу күйүк алганын "Азаттыктын" румын кызматы жазды.

Оор абалдагы жети адам дарылануу үчүн Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнө жөнөтүлдү.

Окуя борбор калаа Бухаресттен 30 чакырым алыстагы Креведия деген жерде 26-августта кечинде болгон.

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис муну "трагедия" деп сыпаттап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Биринчи жарылуу кызматкерлер жаңы цистернаны станцияга туташтырганда болгон. Өрт дагы эки цистернаны каптап, экинчи жарылуу болгон. Ал жерге жакын жашаган 3000ден ашуун тургун эвакуацияланды. Бухарест-Плоешти трассасында кыймыл токтотулду.

Окуянын себебин Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG