Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

RFА: Шинжаңда казак тектүү жаран куран окуганы үчүн камалды


Бээжин "кайра тарбиялоочу лагерлер" деп аталган Шинжаңдагы жабык жайлардын бири. Архивдик сүрөт.
Бээжин "кайра тарбиялоочу лагерлер" деп аталган Шинжаңдагы жабык жайлардын бири. Архивдик сүрөт.

Radio Free Asia (RFA) сайты Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда 56 жаштагы казак тектүү жаран Куран окуганы үчүн камалганын билдирди. Анда казакстандык “Атажурт” коомдук уюмунун башчысы Бекзат Максутханга шилтеме кылып Кусман Рехим аттуу адам 14-июлда эле кармалганын, бирок ал тууралуу 24-августта белгилүү болгонун жазды.

“Анын камалганынын негизги себеби - полиция үйүнөн Куран китеп тапкан экен. Ал ошондой эле Курман айтта үйлөрдү кыдырып куран окуптур жана мусулман үйлөнүү үлпөтүнө катышып, куран окуптур”,- деп айтып берген Бекзат Максутхан.

Буга чейин Шинжаңда диний тажрыйбасы үчүн 61 жаштагык казак тектүү жаран Бакытхан Мырзан камалган жана ал былтыр жазында абакта каза тапкан.

RFA сайтынын маалыматына ылайык, Кытайда куран окууга 2017-жылдан тартып, расмий Бээжин уйгурлар баштаган этностук топторду өзү “кайра тарбиялоочу” лагерлер деп атаган жайларга жөнөтө баштагандан бери тыюу салынган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжинди 2017-жылдан тартып ислам динин тутунган уйгур, казак жана кыргыз өңдүү Шинжаңдагы улуттардын миллиондон ашык өкүлүн түрмөлөргө жана "кайра тарбиялоочу лагерлерге" камаган деп айыптап келишет.

2021-жылы февралда Канада парламентинин төмөнкү палатасы Кытай бийлигинин Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулман элге карата мамилесин геноцид деп тапкан. Ага чейин январь айында АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Шинжаңдагы көрүнүштөрдү геноцид деп атаган.

Кытайдын бийлиги бардык айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы аракеттерин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш деп атайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG