Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Садыр Жапаров “Барселона” академиясы жөнүндө иликтөөгө жооп берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Бишкек жана Жалал-Абад шаарындагы испаниялык атактуу “Барселона” футбол клубунун академиясын салууга байланыштуу “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал 26-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде курулушка анын жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары аралашып жатканын ырастады.

“Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасы менен салып жаткан жок. Мамлекеттин катыштыгы жок. Болгону 16 гектар жер берип жатабыз. Ал 16 гектар жерди "Барселона" академиясы 16 миң эсе актайт. Бул социалдык долбоор. 10-15 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт. Африкалыктардан эмнебиз кем? Биз кыргыздар да балдарыбызды ушул академияда даярдап, дүйнөлүк масштабдагы клубдарга жиберип турсак эмнеси жаман? Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр? Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер, кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет? Жамандык издей берип өзүңөрдүн ичиңер деле жамандыкка толуп калат эмеспи?”, - деген Жапаров.

Президент ошондой эле Жалал-Абад шаарында 29-августта ачылышы белгиленген "Барселона" академиясынын таржымалына кенен токтолгон.

”Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын кура башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. 29-августта Барселона клубунун башчысы Лапорта менен биргеликте ачабыз. Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок. Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам. "Балдар, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегиле. Саясатка, экономикага, кадр маселелерине кийлигишпегиле. Мамлекеттен сыртка ташыбай, сырттан мамлекетке ташып келип тургула. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы. Инвесторлорду тартып келгиле. Ошолор менен иштегиле" дейм”.

Садыр Жапаров маегинде “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

Апта башында “Клооп” басылмасы мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясын салууга Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканын иликтеп чыккан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG