Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Бишкекте коомдук транспорт үчүн жол тилкесин бөлүү сунушталды


Бишкекке Кытайдан алып келинген автобустар. 13-август, 2023-жыл.
Бишкекке Кытайдан алып келинген автобустар. 13-август, 2023-жыл.

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаада коомдук транспорттор үчүн атайын жол тилкелерин бөлүүнү сунуштады. Бул боюнча 25-августта шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жыйын өткөрдү.

Анда Аалы Токомбаев көчөсүндө Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн баштап Байтик Баатыр көчөсүнө чейин эки багытта, Жусуп Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө Жибек Жолу проспектисинен баштап Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин өзүнчө жол тилкесин бөлүү сунушталды.

Ошондо коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке 12-кичи райондон башталып, Жибек Жолу - Байтик баатыр проспектилеринин кесилишкен жерине чейин барат.

Мэрия мындай өзгөртүүлөр коомдук транспорттун ылдам катташына шарт түзүп, шаардын түштүк райондорунан борбор жагына келүүнү жеңилдетерин билдирди. Мындан ары коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди көбөйтүү пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Буга чейин Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү, жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттары бар 50 автобус Кытайдан алып келингенин билдирген.

Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 500 автобус, калган 500ү келерки жылы алып келинет.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорттун таңкыстыгына коомчулукта нааразылык көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG